БШК КР Президенти кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун ишенимдүү адамдарын каттады

05 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-январындагы жыйынында КР Президенти кызматына катталган талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтен ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2021-жылдын 5-январында кириш №01-12/40 келип түшкөн арызы боюнча "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-18-беренесине ылайык токтом кылды:

КР Президенти кызматына талапкер Жапаров Садыр Нуркожоевичтин ишенимдүү адамдары катары төмөнкүлөр катталсын:

 

- Сакматов Имараткан Боругуловна;

- Дуванаев Ярмухаммад Хурсанович;

- Доконов Бактияр Болотбекович;

- Рыскелдиев Курманбек Жекшебаевич;

- Ташматов Алибек Айтбекович.

 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү