Башкы Жаңылыктар БШК КР референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт …

БШК КР референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобун каттады

21-Дек, 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.

2020-жылы 18-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Каршы» (бардык варианттарга каршы) үгүт тобу арыз менен кайрылды. Жетекчиси – Шабдан уулу Чынарбек. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси:

 

 

№

ФАА

Туулган датасы

1

Шабдан уулу Чынарбек (жетекчи)

28.03.1992

2

Абадбек уулу Сагындык

27.02.1992

3

Джаныбаев Урмат Тимурович

18.06.1984

4

Джекшеев Азият Джыпарович

22.09.1987

5

Ибраев Кубанычбек Жыпарбекович

05.01.1981

6

Казакбаев Урматбек Абдыбекович

19.04.1986

7

Курманкожоев Султанбек Садырович

02.12.1978

8

Мукамбетов Таалайбек Байышбекович

01.08.1974

9

Рахманов Бексултан Элчибекович

03.02.2002

10

Сыдыгалиева Нурайым Жаныбековна

 14.11.1987


БШК Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашырууну камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кабыл алды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30-Сен, 2026

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:- 5556 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Т. Кулатов көчөсү, 8/1, Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын имараты дарегинен Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 13, № 70 балдар бакчасынын имараты дарегине;- № 5311 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 106а, № 67 “Мөл Булак” балдар бакчасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 22а, № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты дарегине;- № 5464 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Нагорная көчөсү, 1а, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө боюнча муниципалдык ишканасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ирригатор көчөсү, 1, № 70 орто мектептин имараты дарегине;- № 5246 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Кара-Суу району, Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, М. Бегиев көчөсү, 35, Кыргызстан айылдык кеңсесинин имараты дарегинен Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, К. Мырзаев көчөсү, 40, О. Курбанбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине.- № 2092 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Токтогул көчөсү, 7, темир жол бекетинин имараты дарегинен Манас шаары, Токтогул көчөсү, 6, № 6 жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;- № 2413 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Т. Байзаков проспекти, 171, эски автобекеттин имараты дарегинен Манас шаары, Б. Ботобаев көчөсү, 24, Г. Бакирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты дарегине;- № 5115 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, М. Нурбаев көчөсү, 40, маданият үйүнүн имараты дарегинен Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, К. Жумалиев көчөсү, 17, К. Раимбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү.    Ош, Манас жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30-Сен, 2026

КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-сентябрда өзүнүн жыйынында Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Араван, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Ак-Талаа, Жумгал, Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Панфилов, Москва жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин тиркемелерге ылайык толуктоо жөнүндө токтом кабыл алды. Саясий партиялар Жергиликтүү кенеш
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.          • Москва районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Колоева Бактыгүл Раимбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Пашунько Татьяна Сергеевнага өткөрүлүп берилди;   *        Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Осмоналиев Жеңиш Калыбековичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Егембердиев Урмат Каратаевичке (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык партиясынан) өткөрүлүп берилди;   •       Каракол шаардык кеңешинин депутаттары Омуркулов Бактыбек Конокбековичтин жана Торобеков Азамат Нурлановичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Казакбаев Кайрат Аныварбековичке жана Сагынбек уулу Эрланга (“Ынтымак” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;•   Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Муратова Жасмина Муратовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;*        Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Иманбеков Бактыярдын   жана Сыдыков Кенжебек Бакасовичтин (“Жаштар” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Оморкулов Улан Тынарбековичке жана Тургуналиев Замирбек Бактыбековичке (“Жаштар” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29-Сен, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө‎” токтом долбоору жөнүндө  Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара акакеттенүү жана методология секторунун башчысы         3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу‎” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара акакеттенүү жана методология секторунун башчысы                
Кененирээк билүү >>