Башкы Жаңылыктар БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. …

БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К. Исмаиловадан арыз келип түштү

13-Ноя, 2020

2020-жылдын 13-ноябрында КР БШКга ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүнүн талапкерлигин кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 12-мартында туулган, №44- мектептин мугалими, Исмаилова Карачач Джумаевна арыз менен кайрылды.

2020-жылдын 13-ноябрына карата абал боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын жарандарынан 32 арыз (1 арыз чакыртып алынган – Б. Бакетаев) келип түшкѳндүгүн эске салабыз (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, К. Исаев, А. Сыдыков, С.Турдумалиев, Н. Мотуев, Р. Тагаев, Ж. Байгуттиев, К. Сооронкулова, А. Касенов, А Эсенбеков, К. Кадыров, Э. Турдубекова, С. Шер-Нияз, У. Кабылбеков, И. Товкеев , Б. Калмаматов, Ж. Камчиев, М. Арстанбек, Т. Уметалиева, А. Малиев, М. Болгомбаев, А. Зарипова, К. Базаркулов, Б. Романов, Т. Жумабеков, И.Ташов, Е. Токтогулов).

БШКнын маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
29-Сен, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Москва, Панфилов, Каракол, Ат-Башы жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө‎” токтом долбоору жөнүндө  Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара акакеттенүү жана методология секторунун башчысы         3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу‎” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Алмазбеков Э. А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара акакеттенүү жана методология секторунун башчысы                
Кененирээк билүү >>
КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү
29-Сен, 2026

КР БШКда президенттик шайлоого даярдык боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктардын алкагында, бүгүн, 29-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелери талкууланды. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин жарандыгы, соттуулугунун бар же жок экендиги, кылмыштуу же куралдуу топторго мүмкүн болгон тиешелүүлүгү, ошондой эле диний ишмердикке катышуусу тууралуу маалыматтарды берүү маселелери каралды.Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарды текшерүүгө, талапкерлерди тестирлөөнү уюштурууга жана тиешелүү маалыматтарды ыкчам алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдык көрүүнүн бардык этаптарында мамлекеттик органдардын макулдашылган иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал шайлоо процессин мыйзамдарга ылайык сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу үчүн маалыматтарды өз убагында берүү жана мамлекеттик органдар ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда
29-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Индияда шайлоону башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоо боюнча эл аралык семинарга катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү - БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү борборунун директору А. Бейшембаева жана БШК аппаратынын кызматкери Н. Талгатова Индиянын Демократия жана шайлоолорду башкаруу боюнча эл аралык институтунун (IIIDEM) базасында 2026-жылдын 28-сентябрынан 1-октябрына чейин өтүп жаткан шайлоону башкаруу органдарын институционалдык карталоо боюнча эл аралык семинарга (Institutional Mapping Workshop) катышууда.Семинардын негизги максаты - шайлоону башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесиптик өнүгүүсүнө карата эл аралык ыкмаларды изилдөө, тажрыйба алмашуу, ошондой эле бул багыттагы институционалдык муктаждыктарды аныктоо.Иш-чаранын алкагында катышуучулар улуттук шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштырып, кесиптик даярдоонун учурдагы ыкмаларын карашат, кызыкдар тараптарды карталоону жүргүзүшөт, компетенцияларды, колдонулуп жаткан окутуу программаларын жана жеткиликтүү ресурстарды талдашат. Ошондой эле андан аркы өнүгүү үчүн бар болгон боштуктарды жана муктаждыктарды аныкташат.Семинардын жыйынтыгында катышуучулар өлкөлөр боюнча иш пландарын иштеп чыгып, шайлоону башкаруу органдарынын кесиптик даярдоо системаларын жана институционалдык потенциалын өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныктоону пландашууда.КР БШК өкүлдөрүнүн семинарга катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы кесиптик потенциалды чыңдоого өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий  партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
28-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Тюп, Каракол, Ак-Суу, Ысык-Ата, Аламудун, Чүй, Токмок, Талас шаардык, Талас, Жумгал, Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт. Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъектер болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; -  талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Ошондой эле бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт. Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин беришет. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 7-октябрына саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл. Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына дароо өткөрүлүп берилет. Шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо боюнча милдеттенме алуу менен тиешелүү шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуган жери, билими  көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери; - жеке маалыматты чогултууга жана иштетүүгө макулдугу; - көрсөтүүчү субъекттин протоколу. Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл. Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук.Жарандын шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндөжеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдукпротоколсаясий партиянын протоколу
Кененирээк билүү >>