Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик «Түндүк» тиркемесинде жана «Кол топтоо» сайтында (https://talapkerkoldoo.srs.kg) шарттуу талапкердин тесттик жазуусунун пайда болушуна байланыштуу кырдаалды түшүндүрөт.
2026-жылдын 18-ноябрында президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоо инфраструктурасын жана маалыматтык системаларды жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлгөн.
«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жана «Түндүк» системасынын техникалык операторлорунун маалыматына ылайык, тестирлөөнүн жүрүшүндө тесттик жазуулардын бири Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн электрондук кол тамгаларды чогултуу сервисинде жаңылыштык менен көрсөтүлүп калган.
Техникалык ката өз убагында аныкталып, ыкчам түрдө жоюлган. «Түндүк» системасынын операторлору тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, кайра жүргүзүлгөн текшерүүдө ката маалыматтын чагылдырылышына гана тиешелүү болгондугу жана системанын иш жүзүндөгү маалыматтарына, анын ичинде чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн чогултулган электрондук кол тамгаларга таасирин тийгизбегендиги тастыкталган.
Ошол эле учурда эки өз алдынча шайлоо жол-жобосун: талапкерлерди колдоо үчүн кол тамгаларды чогултууну жана президенттик шайлоодо түздөн-түз добуш берүүнү так айырмалоо зарыл.
Учурда жарандар «Түндүк» тиркемеси аркылуу тигил же бул талапкердин көрсөтүлүшүн колдой алышат. Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары катталуу үчүн шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасын чогултуу талап кылынат.
Электрондук кол тамга талапкердин көрсөтүлүшүн колдоону билдирет жана каттоо жол-жобосунан өтүү үчүн зарыл. Ал шайлоодо талапкер үчүн берилген добуш болуп эсептелбейт, жаранды кийинчерээк ошол талапкерге добуш берүүгө милдеттендирбейт жана президенттик шайлоонун жыйынтыгын аныктоодо эске алынбайт.
Добуш берүү 2027-жылдын 27-январында шайлоо участкаларында өткөрүлөт. Шайлоочулар белгиленген идентификациялоо жол-жобосунан өтүп, шайлоо бюллетендерин алышат жана жашыруун добуш берүү шарттарында өз тандоосун жасашат.
Аралыктан добуш берүүдө да жаран шайлоо участогуна жеке өзү келүүгө тийиш. Ал идентификациялоодон өткөндөн кийин ага шайлоо бюллетени басып чыгарылып берилет. Толтурулган бюллетень автоматтык эсептөөчү урнага салынат. Мыйзамдарда шайлоо жол-жоболорун көзөмөлдөө, бюллетендерди саноо жана байкоочулардын катышуусу каралган.
Демек, «Түндүк» аркылуу кол тамгаларды чогултуу кызматы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү системасы болуп саналбайт жана чогултулган кол тамгалардын саны шайлоонун жыйынтыгын аныктабайт.
Ошондуктан кол тамгаларды чогултуу сервисинде тесттик жазуунун жаңылыштык менен көрсөтүлүп калышы өзүнөн-өзү добуш берүүгө кийлигишүү болгонун билдирбейт. Аныкталган ката жоюлуп, чыныгы талапкерлерди колдоо үчүн берилген кол тамгаларды эсепке алууга таасирин тийгизген эмес.
Аныкталган жагдайлардын негизинде бул техникалык окуяны алдыдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен байланыштырууга негиз жок.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо жол-жоболорунун сакталышын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын эсепке алуунун тактыгын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү улантууда.
19-Ноя, 2026