КР Шайлоокому өлкөнүн Президентинин кызматына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүн чагылдыруу үчүн республикалык ММКларды аккредитациялоону баштады

02 июля 2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Токтомуна ылайык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылууну баштады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.

КР Президентин шайлоону даярдоо рамкасынын чегинде КР Боршайлоокому республикалык массалык маалымат каражаттарын акредитациялоону башталгандыгын жарыялайт.

Өлкөнүн мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары шайлоо датасы расмий жарыяланган (шайлоолор 2011-жылдын 30-июнуна дайындалган) 10 календарлык күндөн кечиктирбестен эфирдик убакытты, басма бетин берүүгө төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоолору керек жана акредитациялоо үчүн Боршайлоокомго тапшыруулары зарыл.

Республиканын мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат.

Толук маалыматтарды алууга 0312-62-62-87 телефонуна кайрылууну суранабыз.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы