БШК 9 талапкерди “ Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен чыгарды

22 сентября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 22-сентябрындагы жыйналышында төмөнкү адамдарды “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарды:

  • Жаныкулов Хамракул Жаныкуловичти;
  • Мамытова Лунара Улукбековнаны;
  • Ахметова Малика Ялкуновнаны;
  • Калиева Сайкал Асангуловнаны;
  • Шакирова Алина Кубанычбековнаны;
  • Таирова Гулжамал Эркебаевнаны;
  • Абдукадырова Мадина Абытовнаны;
  • Айтыева Сабина Рустамовнаны;
  • Касымова Бермет Данияровнаны.

Чечим Жаныкулов Хамракул Жаныкуловичти, Мамытова Лунара Улукбековнаны, Ахметова Малика Ялкуновнаны, Калиева Сайкал Асангуловнаны, Шакирова Алина Кубанычбековнаны, Таирова Гулжамал Эркебаевнаны, Абдукадырова Мадина Абытовнаны, Айтыева Сабина Рустамовнаны жана Касымова Бермет Данияровнаны талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы билдирмесинин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү