Башкы Жаңылыктар БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди

БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди

28-Июн, 2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Япондук эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)  эки автомобиль («Тойота Лэндкрузер») берди.  Автомобилдерди тапшыруу жана эки тараптуу макулдашууга кол коюу салтанаты бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын БШКнын короосунда БШК төрагасы Акылбек Сариевдин жана ЛСАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Хидэаки Маруяманын катышуусу менен  өттү.   

Салтанатта КР БШК төрагасы А.Сариев аталган техникалык жардам БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна бериле тургандыгын, Борбор шайлоо процессинин бардык катышуучуларын - комиссия мүчөлөрүн да, президентикке талапкерлерди да окутуу менен  алектенээрин белгиледи. Ал Япония Өкмөтүнө, КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруямага берилген жардамга ыраазычылык билдирүү менен БШК шайлоо процессинин республика боюнча бардык катышуучуларын окутууну өз убагында аткаруу маселесин ишке ашырат деп билдирди.

А.Сариев ЛСА Боршайлооком менен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2010-жылдын октябрында шайлоодо да активдүү кызматташкандыгын эскертти. Анда япондук тараптан участкалык комиссияларга протоколдорду тапшыруу үчүн сейф-пакеттер берилген, бир участкада - Бишкек шаарынын №13 орто мектебинде электрондук добуш берүү уюштурулган.

Өз кезегинде КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруяма алдыда турган Кыргызстандын Президентин шайлоо БШКнын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү мезгил экендигин жана япондук тарап бул жооптуу учурда комиссияны колдой тургандыгын белгиледи. Ал Кыргызстан эли Японияга эң татаал, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуу учурунда биринчилерден болуп жардам берүүгө кол сунгандыгын белгиледи. “Биз дагы кыргызстандыктарды ар тараптан колдоону каалайбыз”-деди ал. Ошону менен бирге Х.Маруяма өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордогудай эле президенттик шайлоолорго да япондук тарап байкоочу катары катыша турган ниетин белгиледи. 

Салтанаттын акырында А.Сариев жана Х.Маруяма журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>