Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук …

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Билдирүүсү

25-Апр, 2011

Биз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү айрым саясатчылардын  жана депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүндө азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын  орунсуз күнөөлөөлөр камтылгандыгына  байланыштуу билдиребиз.

            Жыйынтыктарын биздин өлкөнүн гана жарандары эмес, коңшу өлкөлөр, биздин мамлекеттин стабилдүү өнүгүүсүнө кызыкдар эл аралык коомчулук да үн катпай күткөн парламенттик шайлоолордун аяктагынан бери аз убакыт өттү. Өлкөнүн тагдыры менен ойнобой, биз өзүбүзгө тапшырылган ишенимди татыктуу актоого, шайлоолордун тынч жана максималдуу легитимдүү өтүшүнө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшадык. Муну менен өлкөнүн ичиндеги гана эмес мамлекеттин дүйнөлүк коомчулуктагы укуктук абалы, укуктук стабилдүүлүгү байланышкан. Курч кырдаалда түрдүү саясый күчтөрдүн кысымынын алдында, өзгөчө уттурган, ал түгүл жеңип чыккан бир нече партиялар да бардык участкалар боюнча добуштарды кайрадан саноону талап кылып жатышканда чечим кабыл алуу, кыйынга турду. Бирок, мындай аракеттерди аткаруу үчүн ошол учурда, да азыр да укуктук негиз болгон эмес.

            Бүгүн ошондогудай эле айрым саясатчылар башкаларды күнөөлөп, өздөрүн таза жана чынчыл деп көрсөткөн жолго түшүүдөн башка жаңы жол табышпады. Ал түгүл, шайлоо системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда бизди “партизандык” позицияда турат дешип айыпташып, этикага жатпаган кемсинткен сөздөрдү айтуудан баш тартпай, Боршайкомго “легитимсиз” деген диагноз коюшуп, анын “анатомиялык кемчиликтерин, башка кеселдерин” чукушуп, бүгүн республиканын мамлекеттик органдарынын бардыгынын легитимдүүлүгү саясый фундаментке негизделгендигин “эстеринен чыгарышып”, бүгүнкү иштеп жаткан Боршайкомдун легитимдүүлүгү акыркы орунда турбастыгын унутта калтырышууда.

            Шайлоо мыйзамын жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу деген түрдө шайлоо системасын реформалоо, иш жүзүндө азыр колдонуудагыга карама каршы келген, таптакыр башка администрациялык, техникалык, укуктук, экономикалык жана саясый принциптерде түзүлө турган жаңы шайлоо системасы жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакеттерин жылдыруу болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы башынан тартып өзүнүн позициясында бекем туруп анын орундуулугуна толук ишенет, учурдагы бардык кырдаалды, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясый абалын эске алган сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга зарыл убакыт бизде жок экендигин, болгон күндө да ал убакытты өткөрүп жибергенибизди жоопкерчилик менен билдирет. Ушул тапта, мамлекетте стабилдүүлүк жана тынчтык башкы приоритет болуп эсептелип, ал эми мамлекеттик башкаруу системасы интенсивдүү кайра өзгөрүү абалында турганда жаңы мыйзамдарды кабыл алууну тездетүү өзүн актамак турсун жагымсыз кесепеттерге да алып келиши мүмкүн. Азыркы учур эксперименттерди, тобокелге салган жана ойлонуштурулбаган реформаларды өткөрүүнүн мезгили эмес. Сунушталган реформалар кесипкөйлүк менен иштелип чыгылбаган, Президентти шайлоого чейинки мөөнөттө алардын ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына,  дегеле качандыр бир жүзөгө ашырылышына ишеним жок. Шайлоо системасын таптакыр башка принциптердин, кадрлык, техникалык жана финансалык камсыз кылуу керектөөлөрүнүн жогорулашынын негизинде кыска мөөнөттө түп тамыранан бери жана фундаменталдык реформалоо жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдарды шашылыш кабыл алуу азыркы кыйын кырдаалды татаалдатып, оорчулукка алып келиши гана мүмкүн деп эсептейбиз.

            Өлкөнүн негизги мыйзамында аны алгач колдонууда ачылган кемчиликтер, алалыктар жана карама каршылыктар биздин позицияны толугу менен тастыктоодо. Атап айтканда, акыркы референдумда кабыл алынган Конституция жана аны ишке киргизүү тууралу Мыйзам биринчи эле сынактан өткөндө - Жогорку Кеңешти шайлоодо мүдүрүлдү.

            Ушуга байланыштуу, биз азыркы кырдаалда алдыдагы Президентти шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн колдонуудагы шайлоо Кодексин негиз кылуу, азыркы шайлоо комиссияларынын системасын сактоо, аны КР Конституциясы менен төп келтирүү менен Конституциялык мыйзам катары кабыл алуу, ал эми радикалдык реформаларды президенттик шайлоодон кийин өткөрүү чечими эң оптималдуу жана туура болот деп эсептейбиз.

            Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын чыгарууну эки айга создуктурду, партиялардын бирин парламентке өткөрбөй коюу үчүн тандалган айрым участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүздү деген айыптар тууралуу Жогорку Кеңешке белгиленген беш пайыздык чекти багындырган бардык партиялар өткөндүгүн, шайлоолор 10-октябрда болуп, жыйынтыктары 1-ноябрда туура үч жумадан кийин чыгарылгандыгын эскерте кетмекчибиз. Биз ишибизге жана чечимдерибизге кандай гана ревизия жүргүзүлбөсүн жыйынтыгына ишенебиз. Эгерде Боршайкомдун легитимдүүлүгү, анын айрым же парламенттик шайлоолордун жалпы жыйынтыгын чыгаруу боюнча чечимдери күмөн саноону туудурса, Жогорку Кеңеш бүгүн да Боршайкомдун кандай гана чечими болбосун кайрадан карап чыгууга укуктук негиздерди түзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ экендигин билдирмекчибиз. Биз болсо Боршайкомдун наамына карата, мунун ичинде өткөн парламенттик шайлоолордогу добуштарды өлкөнүн бардык участкалары боюнча да, айрым участкалар боюнча да кайрадан санап чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин ар бир чечимин аткарууга даярбыз, ал түгүл жүзөгө ашырууга милдеттүүбүз.

Акырында айтарыбыз, айрым саясатчылар жарыя салып жүрүшкөндөй биздин “легитимсиз, анатомиялык кемчиликтерибиз жана башка кеселдерибиз” бар экендигине карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы Боршайкомдун азыркы курамын жалпысынан жаңы мөөнөткө, ошондой эле келе жаткан шайлоолорго сактап калуу үчүн эч кандай аракеттерди көрүү ниети жок экендигин белгилей кетмекчибиз, ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруу органынын өз дайыны боюнча бирдей мыйзам долбоорлорун түрдүү варианттарда кабыл алуусунун актуалдуулугу тууралу сөз бүтөт деп үмүттөнөбүз.

 

            Бардыгыңыздарга сак-саламаттыкты жана сабырдуулукту каалайбыз.

КР Борбордук шайлоо комиссиясы: Сариев А.А., Абдыкалыкова А.Ж., Акматов Ж.А., Бапанова Ж.Б., Баялинов А.Ж., Бекбасаров Р.Б., Джанжалбеков М.Ж., Ирискулбеков Э.Б. Корсунский М.А., Ли А.С., Мамараимов А.М.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча Жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
19-Окт, 2026

Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери

Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>