Кворумдун жоктугуна байланыштуу Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды
01 февраля 2019
2019-жылдын 1-февралында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоосу кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Байтик айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 10 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6 пунктуна ылайык, эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
