Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды

31 января 2019

Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 28-январындагы №20-Б буйругу менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы К.Бешимбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 19-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Сокулук АШКна тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү