Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата: КР БШК “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темадагы семинарга катышуу үчүн ЖМК өкүлдөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алууда
28 января 2019
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 13-февралында КР БШК Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргелешип “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темада семинар өткөрөт.
Эксперт катары КР БШКнын өкүлдөрү, экономика илимдеринин доктору, World Peoples Academyнин (Нью Йорк, АКШ) профессору, Нью Йорк Илимдер академиясынын (NYAS) анык мүчөсү, Жарнаманын эл аралык ассоциациясынын (IAA) Россиядагы бөлүмүнүн мүчөсү А.В. Зыбкин чыгып сүйлөшөт.
Семинар бир катар төмөнкү актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган:
- шайлоо процесси жана шайлоо өнөктүгүнүн ЖМКда чагылдырылуучу ченемдик укуктук актылары;
- шайлоо процессинин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүчтөр;
- ЖМКнын шайлоо процессине катышуусу жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү (2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу учун иштелип чыгып, КР ЖКга киргизилген мыйзам долбоорлорунун алкагында );
- ЖМКда шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүү жана редакциялык саясаттын өзгөчөлүктөрү;
- шайлоо процессин чагылдырууда журналисттердин статусу, укуктары жана милдеттери;
- шайлоо өткөрүү мезгилинде ЖМКны коргоо чаралары.
КР БШК pr.shailoo@gmail.com эл.дареги боюнча ЖМК өкүлдөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алууда.
Иш-чарага бир редакциядан экиден ашык эмес киши катыша алат.
Дедлайн: 2019-жылдын 10-февралы.
Өткөрүү датасы: 2019-жылдын 13-февралы.
Өткөрүлүүчү жер: Асанбай-борбор (Асанбай центр).
Суроолорду 0312665452, 0551443211 телефондору боюнча берсе болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
