Чоң-Сары-Ой жана Байтик айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды

18 января 2019

КР БШКнын токтомуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 1-февралына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 8-январындагы № 3/1 буйругу менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыкалыков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

2019-жылдын 15-январына кайра шайлоо дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ысык-Көл жана Аламүдүн АШКна тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү