Кворумдун жоктугуна байланыштуу Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды

15 января 2019

2019-жылдын 15 январындагы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл өкмөт башчысын шайлоосу кворумдун жоктугуна байланыштуу өтпөй калды. Байтик айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 4 депутат катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5 пунктуна ылайык, эгерде кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү