КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
26 декабря 2018
2018-жылдын 26-декабрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Кадамжай, Баткен, Аксы, Кара-Кулжа жана Нарын АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
-Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин башка өлкөнүн жарандыгы болгондугуна байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, кийинки талапкерди аныктап, ал талапкер боюнча тиешелүү документтери такталганга чейин мандат бош калат;
- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айылдык кеңешиндеги депутат Н.Насибалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Эгембердиевге өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак атындагы айылдык кеңешиндеги депутат И.Сайфидинов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – З.Осмоновго өткөрүлүп берилди;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Н.Жороев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Э.Козуевге өткөрүлүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Э.Балтабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Калчабековго өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кенеш айылдык кеңешиндеги депутат Э. Чымынов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Г.Апиевага өткөрүлүп берилди;
- Ош облусунун Кура-Кулжа районундагы Кара-Кочкор айылдык кеңешиндеги депутат Акылбек уулу Нурсултан башка жакка көчүп кеткендигине байланыштуу, өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Д.Мамаевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Нарын районундагы Миӊ-Булак айылдык кеңешиндеги депутаты Б.Дыйканбаев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М.Молутбеков өткөрүлүп берилди.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
