КР ЖК депутаты М.Исаковдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган О.Бакировго өткөрүлүп берилди
26 декабря 2018
2018-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча келип түшкөн жеке арызынын негизинде, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исаков Музаффар Ахматходжаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Бош калган мандат “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Бакиров Омурбек Мирзараимовичке өткөрүлүп берилди. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
