“КСДП” саясий партиясынан А.Суракматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
24 декабря 2018
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына “КСДП” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Суракматов Азиз Эмильбековичтен арыз түшкөн.
БШКга келип түшкөн арыздын негизинде, КРдин “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алып, КРдин “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык анын арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
