КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

24 декабря 2018

2018-жылдын 24-декабрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ат-Башы, Нарын, Нарын шаардык, Аламүдүн, Москва, Жети-Өгүз, Талас шаардык, Аксы, Сузак жана Өзгөн АШКнын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Жар атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Н.Ашырбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Кыргызбаевге өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Нарын районундагы Казан-Куйган айылдык кеңешиндеги депутаты М.Ибраимбековдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н.Чебулдиевага өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешиндеги (“Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) депутат Д.Асанова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – (“Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) А.Бердикожоевага өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылдык кеңешиндеги депутаты А.Сияевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Акаевге өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек атындагы айылдык кеңешиндеги депутат М.Раев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Сулаймановго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылдык кеңешиндеги депутат Т.Эламанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Асанбаевге өткөрүлүп берилди;

- Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги (“Айкөл” депутаттык фракциясынан) депутат Н.Байзаков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – (“Айкөл” депутаттык фракциясынан) Н.Ибрагимовго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Суу айылдык кеңешиндеги депутат К.Мамытов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – М.Добулбековго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешиндеги (“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” депутаттык фракциясынан) депутат М.Темирбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – (“Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” депутаттык фракциясынан) Г.Кожобековага өткөрүлүп берилди;

- Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык кеңешиндеги депутаты М.Анарбаев каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т.Ибраимовго өткөрүлүп берилди.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү