Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
24 декабря 2018
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу 2018-жылдын 12-январына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
2018-жылдын 14-декабрында жаңыдан шайланган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
