Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

24 декабря 2018

2018-жылдын 24-декабрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 19-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.

Протоколдордун негизинде, Ош облусунун Өзгөн районунун Баш- Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Зулпукаров Курманбек Раимжанович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү