2018-жылдын 19-декабрында Баш-Дөбө жана Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү
19 декабря 2018
2018-жылдын 19-декабрында Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
Натыйжада:
- Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Зулпукаров Курманбек Раимжанович шайланды. Баш-Дөбө айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер катталган;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Дуйшембиев Адилет Керезбекович шайланды. Тамга айылдык кеңешинде 11 депутат бар, алардын ичинен 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
