Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилери даярдалды жана алар жер-жерлерде тапшырылат
18 декабря 2018
Келишимге ылайык берүүчү (поставщик) КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин 10000 нускада даярдады. Төш белгилери спектрдик талдоодон өттү, сапаты жана өлчөмү конкурстук документтердин техникалык талаптарына ылайык келет. Төш белгилери жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына тапшыруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.
Конкурстук документтерди жана техникалык талаптарды баалоонун натыйжасы боюнча конкурстук комиссия эң аз баа сунуштаган б.а. бир бирдик үчүн 74 сом, жалпы суммасы - 10000 нуска үчүн 740 000 сом сунуштаган берүүчүнүн конкурстук билдирмесин жеңүүчү деп тапканын эскерте кетели.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
