Биринчи сессияда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешинин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүктөр тапшырылды

14 декабря 2018

2018-жылы 14-декабрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы болуп өттү.

Биринчи сессияга 21 депутаттын 20 депутаты катышты. Күн тартибине ылайык айылдык кеңештин төрагалыгына З. Бозболоевди жана төраганын орун басарлыгына Ч. Асыкбек уулун шайлашты.

Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү төш белги жана күбөлүктөр тапшырылды.

Маалымат үчүн: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү