Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата!
12 декабря 2018

Бүткүл өлкө дүйнөгө аты чыккан улуу жазуучунун, кыргыз жана орус адабиятынын классиги, абройлуу сыйлыктардын лауреаты Чыӊгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнүн белгилөөдө. 2018-жылы Чыӊгыз Айтматов 90 жашка чыкмак. Кыргыз элинин Улуу уулунун юбилейин майрамдоо алкагындагы бардык улуттук жана эл аралык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүүдө. Анын юбилейине арналган иш-чаралар БУУнун Башкы ассамблеясында өттү, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2018-жылды Чыӊгыз Айтматовдун Жылы деп жарыялады. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчылары, түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңеши Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган атайын билдирүү кабыл алды. Шериктештиктин мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясы тарабынан Айтматов атындагы адабият сыйлыгы уюштурулган. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Айтматов заманыбыздагы чыгармалары эң көп окулган авторлордун бири болуп саналат. Анын чыгармалары 176 тилге которулуп, 100 миллиондон ашык нуска тираж менен дүйнөнүн 128 өлкөсүндө басылып чыккан. Улуу жазуучунун чыгармалары дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн мектептеринин жана жогорку окуу жайларынын программаларына кирген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бардык мекендештерди бул көрүнүктүү жана өзгөчө дата менен куттуктайт жана залкар жазуучунун китептеринде чагылдырылган түбөлүк баалуулуктар, инсандын эркиндигинин, абийиринин жана кадыр-баркынын, мекенди сүйүүнүн, эмгекчилдиктин, инсанды, адам укуктарын урматтоонун жогорку идеялары ар бирибизге адам жашоо-турмушунда кездештирген суроолорго жооп берип, туруктуулуктун, сабырдуулуктун, жогору рухтун жана элдин биримдигинин бекемделишине көмөктөшүп турсун!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
