Башкы Жаңылыктар Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына карата КР БШКнын …

Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына карата КР БШКнын жетекчилиги Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери менен жолугушту

11-Дек, 2018

КР БШК Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына карата республика боюнча жогорку окуу жайларынын студенттери менен “Жаштар жана шайлоолор. Келечек үчүн жоопкерчилик” темасына арналган ачык жолугушуулардын сериясын өткөрүүнү пландаштырган.

2018-жылдын 11-декабрында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин залында студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга ылайык шайлоо укуктары саясий укуктардын катарына киргизилген. Эгемен Кыргызстандын өнүгүү процессинде саясий укуктарды жүзөгө ашыруу бир катар оң өзгөрүүлөргө учурады.

КР БШК башчысы жолугушуунун катышуучуларын шайлоонун түрлөрү, шайлоо процессинин этаптары, шайлоонун натыйжаларынын аныктыгын жана айкындуулугун камсыздоочу шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү технологияларын жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөөнү колдонуу менен өтүүчү жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, КР жарандарынын пассивдүү жана жигердүү укуктары менен тааныштырды.”Биз добуш берүүнүн жашыруундуулугун кепилдейбиз! Өз добушуңарды сатпагыла. Өз тандооңор үчүн өзүңөр жооптуу экениңерди силер түшүнүшүңөр керек. Кесипти, жеке жашоодогу жолду, түгөйүңөрдү тандаганда силер эң мыктысын тандайсыңар. Мамлекеттик шайлоолорго катышканда дагы силер өз жашооңор үчүн жагымдуу шарттарды түзөсүңөр”.

Жарандардын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүнө арналган “Сенин добушуң – сенин келечегиң”, “Өз добушуңду сатпа”, “КР Президентинин ыйгарым укуктары” ж.б. бир катар роликтер көрсөтүлдү.

Аппаратура - шайлоочуларды биометрикалык иденттештирүү шайманы, автоматтык эсептөөчү урна орнотулуп, анда каалоочуларга натыйжаларын экранга чыгаруу менен добуш берүүнүн бүт жол-жобосу көрсөтүлдү.

Иш-чара жаштарга Кыргыз Республикасындагы шайлоо укуктары жана шайлоо модели тууралуу маалымат берүүнү, ошондой эле жаштардын шайлоо процессине катышуусун жигерлештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоону көздөдү.

Талкуулоонун жүрүшүндө жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча КР БШК менен ЖОЖдордун өз ара аракеттешүүсүн уюштуруу маселелери, жаштардын шайлоодогу жигердүүлүгүнүн жана алардын шайлоо процессине катышууга тартылуусунун төмөнкү деңгээлинин проблемалары козголду.

Мындан тышкары, КР БШКнын атынан Кыргыз улуттук университетинин китепканасына ЕККУнун Бишкектеги программалык офисинин каржылык колдоосу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде Брайл тамгалары менен басылып чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы” китебинин нускалары өткөрүлүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>