Байтик жана Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды
11 декабря 2018
КР БШКнын токтомуна ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик, Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 29-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.
Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 21-ноябрындагы № 346-б буйругу менен Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жунушбаев, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 5-февралындагы № 35-б буйругу менен Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бакасов, соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Аламүдүн жана Сокулук АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
