Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында Армениядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторингге катышууда
09 декабря 2018
Армениядагы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо добуш берүү 9-декабрда өтүүдө.
Кыргызстандын өкүлдөрү КМШнын байкоочуларынын эл аралык миссиясынын курамында Армениядагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда. Кыргыз делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары - КР ЖК спикеринин орун басары Мирлан Бакиров, “Республика Ата-журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров, ошондой эле КР БШК Төрагасынын орун басары Акылбек Эшимов жана КР БШК мүчөсү Елена Джилкычиева бар.
Республикада жалпысынан 2010 участок ачылган. Алардын 85%ында видео байкоо орнотулуп, Армениянын БШКсынын сайтында көрсөтүлүп турат.
Шайлоочулардын тизмелери мыйзамдарга ылайык электрондук форматта түзүлгөн. Шайлоочулар добуш берүүгө катышуу үчүн жекече жана биометрикалык иденттештирүүдөн өтүүгө тийиш.
Шайлоого 9 партия жана 2 блок катышууда. Үгүт өнөктүгү абдан кыска болуп, 26-ноябрдан 7-декабрга чейин созулду.
Мыйзамдарга ылайык ар бир шайлоочу добуш берүү үчүн 11 бюллетень (талапкерлердин ар бир тизмесине) жана талон алууга тийиш. Партиялардын биринин бюллетенин тандап, шайлоочу аны бурчу кесилген атайын конвертке салат, ал аркылуу бюллетень ошондой эле атайын марка менен бекитилет (добуш берүү үчүн талон берилгенден кийин), андан кийин шайлоочу урнага салат.
Шайлоо алдында Армениянын БШКсы шайлоо учурунда коррупцияны болтурбоого багытталган өзүнчө маалыматтык өнөктүктү өткөрдү. Маселен, шайлоочуларга өз добушун сатпоого чакырган плакаттар илинип, роликтер көрсөтүлдү.
Республикада шайлоонун натыйжасында түзүлгөн парламент жаңы жылга чейин ишке киришери күтүлүүдө.
Армениянын парламентине кезексиз шайлоого даярданууга мониторингдин алкагында КМШнын байкоочулары иши менен таанышуу жана шайлоо өнөктүгүнө тийиштүү маалыматтарды алуу үчүн округдук жана участоктук шайлоо комиссияларына барышты. Миссиянын өкүлдөрү мурда да участоктук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн добуш берүүнүн жол-жоболорун жана алардын натыйжаларын жалпылоо тартибин кеңири түшүндүрүү менен өткөрүлгөн тренингдерге катышкан. Мындан тышкары, КМШнын байкоочулары республиканын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен жолугуп, шайлоо өнөктүгү мезгилиндеги анын иши тууралуу билишти.
КР БШКсынын аппаратынын маалымат бөлүмү








