КР БШКсы менен КР Акыйкатчысынын ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду
07 декабря 2018
2018-жылдын 7-декабрында КР БШКсы менен КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун алкагында эки көз карандысыз органдын жарандардын шайлоо укуктарын сактоого, толук жүзөгө ашырууга жана коргоого багытталган өз ара аракеттешүүсү каралган.
Акыйкатчы (Омбудсмен) институту конституциялык мандатына ылайык адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду ишке ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга ылайык шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү, жарандардын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укугунун сакталышын камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган жана өлкөнүн укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Адам укуктарынын жалпы декларациясына (21-берене) жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга (25-берене) ылайык “ар бир жаран кандайдыр бир басмырлоосуз жана негизсиз чектөөлөрсүз төмөнкүлөргө укугу жана мүмкүнчүлүгү болууга тийиш:
а) мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө түздөн-түз да, ошондой эле эркин тандалган өкүлдөр аркылуу да катышууга;
b) жашыруун добуш берүү менен жалпы тең шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлгөн жана шайлоочулардын эркин эрк-ниетин камсыздаган мезгил-мезгил менен өтүүчү нукура шайлоолордо добуш берүүгө жана шайланууга”.
БШК менен Акыйкатчынын ортосундагы өз ара аракеттешүү жөнүндө Меморандум эл аралык укук менен адамдын маанилүү жарандык жана саясий укуктарынын катарына киргизилген жарандардын шайлоо укуктарын толук жүзөгө ашырууну жакшыртуу үчүн эки институттун ортосундагы тутумдуу өз ара аракеттешүүнүн негизи болуп калат.
Меморандумдун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана референдумга катышуу укугун жүзөгө ашырууну сактоо менен шайлоодо жарандардын эркин эрк-ниетин, инклюзивдүүлүгүн, теңдигин камсыздоодо өз ара аракеттешүү, мониторинг жана контроль жүргүзүү каралган.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Т.Б. Мамытов жана БШК Төрагасы Н.К. Шайлдабекова Меморандум туруктуу түрдө тутумдуу иштөө үчүн укуктук негиз болорун жана биргелешкен күч-аракеттер менен жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоону жакшыртууга жетишерин белгилешти.
КР БШКсынын аппаратынын маалымат бөлүмү







