Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн добуш берүү башталды
02 декабря 2018
Бүгүн, 2018-жылдын 2-декабрында саат 8.00 до Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо үчүн добуш берүү башталды. Чаек айылдык кеӊешинин депутаттыгына 70 талапкер катталды, алардын ичинен 21 депутат шайланат.
Добуш берүү үчүн 6 шайлоо участкалары ачылды. Бардык шайлоо участкалары зарыл болгон жабдуулар жана маалыматтык материалдар менен жабдылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан үзгүлтүксүз электр энергиясы, телефон жана интернет байланыш менен камсыз кылынган.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 7086 шайлоочу киргизилген. Тиешелүү сандагы шайлоо бюллетендерди шайлоо комиссияларына даярдалып жана өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек: Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин таркалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен айылдык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2018-жылдын 2-декабрына, жекшембиге дайындалган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү


