2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү

01 декабря 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 1-декабрында, 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүчү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү.

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин таркалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен айылдык кеңешинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосу 2018-жылдын 2-декабрына, жекшембиге дайындалган.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 12 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 10 шайлоочу добуш берди, 2 шайлоочунун паспорту жоктугуна байланыштуу добуш бере алышкан жок.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү