Баш-Дөбө жана Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу дайындалды

30 ноября 2018

КР БШКнын токтомуна ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 19-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.

Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 27-ноябрындагы № 333-б буйругу менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К. Бөдөнов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 75 буйругу менен Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Усенбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Өзгөн жана Жети-Өгүз АШКна тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү