КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30 ноября 2018
2018-жылдын 30-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы, Ысык-Ата, Кемин, Ак-Талаа жана Жумгал АШКнын чечимдерин бекитти.
Ошентип:
- Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Б. Сапарбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Дооран уулу Турдакунга өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешиндеги депутат Т. Павловская Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Казыбаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешиндеги депутаты К.Шайылдабековдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Зайнуллаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айылдык кеңешиндеги депутат С. Кузнецова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Р.Коджаевге өткөрүлүп берилди;
- Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылдык кеңешиндеги депутат М.Чоткараев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Кулушевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Талаа айылдык кеңешиндеги депутат А. Макеева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Дүйшөмбиевге өткөрүлүп берилди;
- Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутаты А. Абакировдун каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ч. Имашовага өткөрүлүп берилди;
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
