Беш-Терек жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

30 ноября 2018

2018-жылдын 30-ноябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.

Протоколдордун негизинде:

- Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Раев Марлис Турусбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;

- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Мамбеталиева Айнура Аалиевна айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Москва жана Түп аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү