2018-жылдын 30-ноябрында Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу өттү

30 ноября 2018

2018-жылдын 30-ноябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, айылдык кеңешинин депутаттарынын көп добушун алган Бейшенкулов Кенжебай Акжолтоевич шайланды. Жаңы-Талап айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 8 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү