Шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын кабыл алуусу аяктады

29 ноября 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 29 ноябрында Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын кабыл алуусу аяктады.
Жумгал АШКсына баардыгы болуп 12 шайлоочудан добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздар түштү.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 33 беренесинин 2 пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү