Башкы Жаңылыктар ЕККУ/БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир: “Кыргызстанда шайлоо процессин …

ЕККУ/БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир: “Кыргызстанда шайлоо процессин өркүндөтүү үчүн абдан көп иштер аткарылууда жана алар туура багытта жүргүзүлүүдө”

27-Ноя, 2018

“Кыргызстанда шайлоо процессин өркүндөтүү үчүн абдан көп иштер аткарылууда жана алар туура багытта жүргүзүлүүдө” деп 2017-жылдын 27-ноябрында ЕККУ/БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир КР БШКсынын төрагасы Н. Шайлдабекова менен жолугушууда билдирди. 2017-жылдагы президенттик шайлоону байкоо боюнча БДИПЧтин миссиясынын отчетун талкуулоо үчүн жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу  ЕККУ/БДИПЧтин делегациясынын Кыргыз Республикасына сапарынын алкагында өттү. Делегациянын  сапарынын максаты – 2017-жылдагы  президенттик шайлоодо ЕККУ/БДИПЧтин байкоочуларынын миссиясынын тыянактарын жана сунуштарын талкуулоо, шайлоо мыйзамдарын ЕККУнун демократиялык стандарттарына ылайык келтирүү үчүн жасалуучу андан аркы кадамдар; келечекте өз ара аракеттешүү багыттарын аныктоо жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу жолунда КРдин күч-аракеттерине көмөктөшүү.

ЕККУ  БДИПЧинин директору Ингибьерг Сольрун Гисладоттир Президентти шайлоодо бир катар оң өзгөрүүлөр болгонун жана шайлоонун натыйжасы боюнча бийликтин тынч өткөрүлүп берилгенин демократиялык онүгүүнүн маанилүү өңүтү катары белгиледи. КР Президентин шайлоодо ЕККУ/БДИПЧтен (Европадагы башка уюмдар менен кошо) 412 байкоочу катышкан.

ЕККУ/БДИПЧтин байкоочуларынын миссиясы 2017-жылдагы  шайлоого  мониторингдин жыйынтыгы боюнча өз Отчетунда Кыргызстанда шайлоону жакшыртуу боюнча 25 негизги сунуш берди, миссиянын пикиринде алардын жетөө башкы сунуш болуп саналат. “БДИПЧтин 2015-жылдан 2017-жылга чейинки шайлоолор тууралуу отчетунда Кыргызстанга шайлоо процессинде жардам берүүгө багытталган бир катар сунуштар камтылган. Силер кеңири жолго түшүп, кыска убакыт ичинде абдан көп иштерди жасай алдыңар. Стратегиянын кабыл алынышы сунуштарга олуттуу мамиле жасоонун көрсөткүчү болуп саналат, Кыргызстандын шайлоо процессин демократиялаштырууга кызыкдар экенин биз жогору баалайбыз. ЕККУ/БДИПЧ өлкөдө шайлоо мыйзамдарын жана  шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүү,  демократиянын башка институттарын өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргызстанды мындан ары дагы колдоого даяр” деп билдирди БДИПЧтин директору И.С. Гисладоттир.

БШКнын төрагасы шайлоо укугундагы жана процессиндеги мүчүлүштүктөргө баа берүүдө ЕККУ/БДИПЧтин миссиясынын тыянактары калыс жана негиздүү экенине канааттанганын билдирип, шайлоонун жыйынтыктарын талдоо процессинде эске алынган сунуштар үчүн ыраазычылыгын айтты. Ал делегацияга шайлоо укугундагы жана процессиндеги кемчиликтерди четтетүү, шайлоонун уюштуруу өңүттөрүн оптималдаштыруу, жарандардын шайлоого катышуу укуктарын жүзөгө ашырууга көмөктөшүучү органдар менен өз ара аракеттешүүнү жакшыртуу үчүн чаралар тууралуу, ошондой эле шайлоо реформасындагы учурда орун алган оң жетишкендиктердин туруктуу болушун камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 13-августта туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш КРде 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын эл аралык жана улуттук байкоочулардын сунуштары эске алынган чаралардын планы менен кабыл алды.

Стратегияда 2017-жылы КР Президентин шайлоонун жыйынтыктары боюнча ЕККУ/БДИПЧтин Отчетунда көрсөтүлгөн көп сунуштарды жүзөгө ашыруу боюнча чаралар чагылдырылды.

ЕККУ/БДИПЧтин Отчету шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунда кеңири форматта талкууга коюлду.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>