Жумгал жана Улахол айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды
23 ноября 2018
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, шайлоосу 2018-жылдын 7-декабрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Ошондой эле, 2018-жылдын 21-ноябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал жана Тоң АШКна тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
