КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

23 ноября 2018

2018-жылдын 23-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Ала-Бука, Кадамжай, Кочкор, Ысык-Көл жана Чүй АШКнын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Э.Оморканов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Нурманбетовго өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылдык кеңешиндеги депутат Н.Усенбаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С.Смановго өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылдык кеңешиндеги депутат Т.Кудайкулов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – М. Балтабаевге өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Кадамжай районундагы Котормо айылдык кеңешиндеги депутат Б.Акимов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Паизовго өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Кадамжай районундагы А. Мамсалиев атындагы айылдык кеңешиндеги депутат Г.Жусупбекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Маматкулову өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Э.Токушов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – У.Абдырасуловго өткөрүлүп берилди;

- Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат Н.Бакиров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Сыдыковго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айылдык кеңешиндеги депутат Ж.Кадыркуловго карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н. Карабековго өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги бош калган мандат кийинки талапкер Ш.Мамедовго өткөрүлүп берилди (2018-жылдын 2-ноябрында №203 токтом менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган).

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү