КР БШК 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата шайлоо бюллетендери Жумгал АШКсына өткөрүлдү

23 ноября 2018

2018-жылдын 23-ноябрында «Учкун» басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, массалык маалымат каражаттары өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Чаек айылдык кеңешинин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына бюллетендери өткөрүлүп берилди.

Жалпысынан 7075 бюллетень мамлекеттик тилде даярдалды.

“Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын даярдалышы БШКнын аппаратын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды.

Шайлоо бюллетендери атайын орнотулган жабдуулар менен “Учкун” ААКсындагы басылып чыккан бөлмөсүндө сынактан өткөрүлдү.

Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык эсептегич урнасы (АЭУ) ар бир бюллетенди окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

​​​​​​​