2018-жылдын 21-ноябрында Беш-Терек жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын шайлоосу өттү

21 ноября 2018

2018-жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

Натыйжада:

- Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 9 добуш алган Раев Марлис Турусбекович шайланды. Беш-Терек айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 9 катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 1 талапкер катталган;

- Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 18 добуш алган Мамбеталиева Айнура Аалиевна шайланды. Талды-Суу айылдык кеңешинде 21 депутат бар, алардын ичинен 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү