Үч-Төбө жана Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
20 ноября 2018
2018-жылдын 20-ноябрында КРнын БШКсы 2018-жылдын 14 ноябрында Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө, Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Акматов Таалайбек Эрмекбаевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды;
- Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Колдошов Жээнбек Исламович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
