КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

20 ноября 2018

2018-жылдын 20-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Токтогул, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жайыл АШКнын чечимдерин бекитти.

Ошентип:

- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылдык кеңешиндеги депутат С.Сеитов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Ш.Турдубаевге өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан депутат С. Мейманжанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – С.Абышовго (“Өнүгүү-Прогресс” депутаттык фракциясынан) өткөрүлүп берилди.

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное айылдык кеңешиндеги депутат А.Закиярев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С. Карымшаковго өткөрүлүп берилди;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кумбел айылдык кеңешиндеги депутат Бекмырза уулу Алыбай өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н.Мадиновго өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айылдык кеңешиндеги бош калган мандат кийинки талапкер Табалды кызы Лаззатка өткөрүлүп берилди ( 2018-жылдын 13-ноябрында №207 токтом менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган).

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү