Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
16 ноября 2018
2018-жылдын 16-ноябрында, Календардык планга ылайык Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши жагынан документтерди текшерди.
Кыргыз Республикасындагы Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын 2018-жылдын 2-декабрында дайындалган шайлоого катышуу үчүн 72 талапкер катталды, алардын ичинен:
-Актатыр-Аксеки шайлоо округунда (9 мандат) – 26 талапкер,
-Чаек шайлоо округунда (4 мандат) – 17 талапкер,
-Шортон шайлоо округунда (3 мандат) – 10 талапкер,
-Каражээк-Бештерек шайлоо округунда (5 мандат) – 19 талапкер
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди каттоо аякталгандан кийин, же 2018-жылдын 17-ноябрынан башталып, добуш берүү башталаарга 24 саат калганда, же 2018-жылдын 1-декабрында 8.00дө токтотулат.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
