Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилери тууралуу маалымат

15 ноября 2018

Өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын  31-октябрында КР БШК жеке ишкер В.Н. Подстречный менен “КР жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерин даярдоо жөнүндө” келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык даярдап берүүчү үлгү бекитилгенден тартып, 30 жумушчу күндүн ичинде 10 000 төш белгини 740 000 сомго (ар бир бирдиги 74 сом) даярдап берүүгө тийиш.

Маалымат үчүн:

2018-жылы 17-августта мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыялаган.

2018-жылы 12-сентябрда конкурстук табыштамалардын конверттери ачылган.

Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялангандан кийин берүүчүлөрдүн бири даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча, ошондой эле ишенимсиз жана ак ниет эмес  берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына киргизүү боюнча ведомстволор аралык көз карандысыз комиссияга (мындан ары - КВК) даттануу менен кайрылган. Анда конкурстун катышуучулары 2018-жылга чейин кеминде 5 жыл Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, менчигинде же үзгүлтүксүз ижарада окшош продукция чыгарган цехи барын ырастаган документтерин көрсөтүүгө тийиш экендиги тууралуу квалификациялык талаптардын бири негизсиз деп нааразылыгын билдирген. КВК 2018-жылдын 17-октябрдагы чечими менен берүүчүнүн даттануусун негиздүү деп тапкан.

Конкурстук комиссия КВКнын 2018-жылдын 17-октябрдагы чечимин эске алып, конкурстун бардык катышуучуларынын конкурстук  документацияда белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайыктыгын баалоодо жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык талапты эске алган жок. КР БШК 2018-жылы 19-октябрда мамлекеттик сатып алуулардын электрондук порталына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын төш белгилерин сатып алуу жол-жобосунун протоколун жарыялаган. Конкурстук документацияны жана техникалык талаптарды баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия эң төмөнкү бааны сунуштаган берүүчүнү - жеке ишкер В.Н. Подстречныйдын конкурстук табыштамаларын жеңүүчү деп аныктады.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү