Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө

15 ноября 2018

Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календардык планына ылайык КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери Т.Айтикеев жана У. Каныбеков Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) жана алты участкалык шайлоо комиссиясы (УШК 4114, 4115,4116, 4117,4118 жана 4119) үчүн 2018-жылдын 13-15-ноябрда жер-жерлерде окутуу өткөрүүдө.

Окутуу ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын иш-аракетин натыйжалуу пландаштыруу көндүмдөрүн калыптандырууга, АШК, УШКлардын иш милдеттерин талаптагыдай аткарышына жана бийликтин жергиликтүү органдары менен өз ара аракеттешүүсүнө багытталган.

Окутуу программасына төмөнкүлөр киргизилген:

  • шайлоо комиссияларынын шайлоого даярданууда жана өткөрүүдө этап боюнча иш-аракети;
  • шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендери менен иштөө боюнча блок;
  • жергиликтүү кеңештерди шайлоого добуш берүү күнүнө чейин, добуш берүү күнүнө жана жыйынтыктарды чыгарууга даярдануу жол-жоболору;
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоонун жетимдүүлүгүн камсыздоо.

Мындан тышкары, Чаек айылдык кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участокторунун төмөнкү иштери текшерилди:

  • шайлоо участокторун зарыл жабдыктар менен жабдуу боюнча;
  • участоктордо маалыматтык материалдардын (шайлоочунун шайлоо участоктогунда добуш берүү схемасы, “Кошунаңды ала кел”, “Өзүңдү шайлоочулардын тизмелеринен текшер”) болушу боюнча;
  • энергия, телефон байланышы жана интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча;
  • шайлоо участкаларында пандустардын болушу боюнча.

Маалымат үчүн: Чаек айыл аймагында мөөнөтүнөн мурда шайлоо жергиликтүү кеңеш таркатылгандын натыйжасында дайындалган. 2018-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” УП №210 Жарлыкка кол койгон, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү