Башкы Жаңылыктар КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, …

КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кайрылуусу!

23-Окт, 2018

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №210 Жарлыгы менен Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 2-декабрына дайындалды.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.shailoo.srs.kg порталынан текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калганда, б.а. 2018-жылдын 29-октябрына чейин илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот. Сиз кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 11 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2018-жылдын 21-ноябрына чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.

 

 

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү!

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

Өзүн өзү көрсөтүү тартибинде Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганда б.а. 2018-жылдын 9-ноябрында, саат 24.00гө чейин аяктайт.

Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн калганда б.а. 2018-жылдын 17-ноябрына чейин аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптар жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.

 

Урматтуу аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу.

Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам.

Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссиясына жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссиясында айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктап, уюштурат. Ушул процесстин башкы талаптары болуп, шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана бирдей мамилени камсыз кылуу, болууга тийиш!

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 38 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2018-жылдын 25-октябрына чейин иштеп чыгат жана КР БШКга бекитүү үчүн берет.

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалары жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлүүгө тийиш. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 34 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2018-жылдын 29-октябрына чейин ар бир шайлоо учаткасында 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдарынын чек аралары участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басма сөз редакциясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 8 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт Чаек айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 17-ноябрынан тартып башталат.

Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.

Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

Кыргыз Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процесстин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>