Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу дайындалды

13 ноября 2018

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 184-б буйругу менен Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алдеев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоосу 2018-жылдын 30-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Ак-Талаа АШКсына тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү