Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

09 ноября 2018

2018-жылдын 9-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

Чаек айылдык кеңешинин 21 депуттатык мандатына 73 адам көрсөтүлдү.

Шайлоо округдар боюнча:

- Актатыр-Аксеки шайлоо округу боюнча 9 мандатка 27 адам;

- Чаек шайлоо округу боюнча 4 мандатка 17 адам;

- Шортон шайлоо округу боюнча 3 мандатка 10 адам;

- Бештерек-Каражээк шайлоо округу боюнча 5 мандатка 19 адам көрсөтүлдү.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү чейрекке кыскартылат, шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 23 календардык күн калганга (2018-жылдын 9 ноябрынын саат 24:00 кө) чейин аяктайт.

Документтер кабыл алынган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келе тургандыгын текшерет.

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күнгө чейин (2018-жылдын 17-ноябрына чейин) каттоо мөөнөтү аяктайт.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү