Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосу

06 ноября 2018

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!

Урматтуу журналисттер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргызстандагы  маалымат жана басма сөз күнү менен  чын жүрөктөн куттуктайт!

Бүгүнкү коомдук өзгөрүүлөрдүн ыкчамдашуу мезгилинде  массалык маалымат каражаттарынын  ролу баа жеткис.  Сиздер  бир эле  жарандарды  маанилүү окуялар жана жашоо кубулуштары менен  тааныштырбастан, коомдук пикирди жаратууда,  адамкерчилик менен адилеттүүлүктүн чыныгы идеалдарын бекемдөөдө өз салымыӊыздарды  кошуп жатасыздар.

Маалыматтын аныктыгы жана объективдүүлүгү, принциптүүлүк, ыкчамдык жана калыстыгы, ар дайым окуялардын кайнап турган жерлеринде болууга умтулуу, адамдарга жардам берүүгө даяр болуу – бул мыкты сапаттар биздин ЖМКлардын татыктуу ийгилигинин ажырагыс бөлүктөрү болууга тийиш.

Сиздерге жемиштүү кызматташтык жана шайло процессин объективдүү чагылдырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Чын дилибизден чыгармачылык эргүү, жогорку рейтингдерди, жаңы ийгиликтерди, ошондой эле убайлуу аудиторияны каалайбыз.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы