КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери соттук-укуктук реформанын алкагындагы мыйзамдарда каралган жаңылыктар боюнча окутулду

03 ноября 2018

2018-жылдын 2-ноябрында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери үчүн соттук-укуктук реформанын алкагындагы мыйзамдарда каралган жаңылыктар боюнча окутуу өткөрүлдү. Аны эксперт, КР ИИМдин тергөө кызматынын анча оор эмес кылмыштарды иликтөө боюнча башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Бегалидин Пирманов өткөрдү.

КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Бекматов эксперт, милициянын полковниги Б. Пирмановго бул багытта эксперттик колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, кызматкерлер үчүн бул сыяктуу семинарларды, окутууларды өткөрүү маанилүү экенин белгиледи.

Окутуу Координациялык кеңештин жыйынынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жүзөгө ашыруу, сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу 2018-жылдын 24-сентябрындагы протоколуна ылайык өткөрүлдү.

Окутуу процессинде Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын январында күчүнө кирүүчү жаңы кодекстер жана мыйзамдар презентацияланды, ошондой эле жаңы КР Жазык  кодексиндеги, КР Жоруктар жөнүндө кодексиндеги, КР Бузуулар жөнүндө кодексиндеги жазык мыйзамдарын реформалоонун концепциялык негиздери, соттук-укуктук реформанын алкагындагы жаңы жазык-процесстик кодекстин өбөлгөлөрү жана жаңылыктар, КР Жазык-аткаруу кодексиндеги концепциялар жана жаңылыктар баяндалды.

Окутуунун жүрүшүндө шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузгандык тууралуу протоколдор түзүлүүчү ченемдер талкууланды.

 

Маалымат үчүн:  Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык бузуулар жөнүндө төмөнкү иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат:

  • шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу;
  • шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу;
  • шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу;
  • талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу;
  • талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы;
  • тоголок үгүт материалдарын таратуу;
  • үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу.

КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү