Жумгал, Беш-Терек, Талды-Суу жана Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды
02 ноября 2018
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 26-октябрындагы № 63 буйругу менен Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы С. Капарбеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 29-октябрындагы № 95 буйругу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асакеев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 222-б буйругу менен Беш-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Дубанаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 30-октябрындагы № 95 буйругу менен Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгельдиев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал, Чүй облусунун Москва районунун Беш-Терек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Тоң районунун Улахол айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу 2018-жылдын 21-ноябрына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жумгал, Москва, Түп жана Тоң АШКларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
